ОШТУНУН 10 СТУДЕНТИ КОРЕЯ МАМЛЕКЕТТИК СТИПЕНДИЯСЫНА ЭЭ БОЛДУ

  • 07.02.2024
  • 0

ОшТУнун 10 студенти GKS (Global Korea Scholarship) программасы боюнча Корея мамлекетиндеги университеттерде гранттын негизинде окууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы кабарлады.

Гранттын ээлери ушул жылдын март айынан ар бири өздөрү тандаган адистиктер боюнча Кореядагы университеттерде окуп баштайт. Кореяга жөнөп жаткан студенттерди университеттин ректору Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, башка өлкөдө билим алууларына ийгилик каалады.

ОШТУНУН 10 СТУДЕНТИ КОРЕЯ МАМЛЕКЕТТИК СТИПЕНДИЯСЫНА ЭЭ БОЛДУ

Окуу жайдагы корей тил борбору көп жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык академиялык мобилдүүлүк боюнча иш аткарып келет. Быйылкы окуу жылында академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде университеттин үч студенти Кореяга окууга барат. Буга чейин дагы бир нече студент Корея мамлекетинин бир канча жогорку окуу жайларынан билимдерин улантып келген.

Корея мамлекеттик стипендиясына 2024-жылы ээ болгондордун катарында кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин 1-курсунун студенттери Байма Раззакова, Амина Баратова, Айкэн Алимжанова, Кыялбек Мирланов, Гүлжазира Эсенбаева ж.б. бар. Алар Пусан МУ, Ажу, Коңжу, Конян, Осан, Еңжин, Кеңбок, Тэджон университеттеринин ар түрдүү кесиптеги факультеттеринин студенттери болуп калышты.

ОШТУНУН 10 СТУДЕНТИ КОРЕЯ МАМЛЕКЕТТИК СТИПЕНДИЯСЫНА ЭЭ БОЛДУ

Андан тышкары академиялык мобилдүүлүк (алмашуу программасы) боюнча үч студент: Абдисамат уулу Энес, Мээримай Жорошева жана Гүлжана Жанболотова да Кореянын эң алдыңкы жогорку жайлары деп эсептелген Ханбат, Хонам университеттеринде билим алмакчы.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер