ОШТУК МУГАЛИМДЕРДИН ӨЗБЕКСТАНДАГЫ КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРИНЕ САПАРЫ

  • 20.11.2018
  • 0

Ош шаарынын мектептеринин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Анжыян облусунун Коргон-Төбө районундагы кыргыз тилдүү мектептердин мугалимдери менен тажрыйба алмашты. Бул тууралуу аталган мугалимдерди жетектеп барып келген Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулдук иштерин, шаардагы алдыңкы кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин тажрыйбаларын өзбекстандык кыргыз тилдүү мектептерге жайылтуу максатында Коргон-Төбө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нодира Абдурразакова атайын өтүнүч катын жолдогон. Билим берүү жаатындагы эки тараптын мындай кызматташуусу улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулуп, бир топ иш чара менен коштолгон.

Т. Досмуратовдун айтуусунда оштук мугалимдер Коргон-Төбө районундагы № 30 мектепте кыргыз тили жана адабиятынан атайын ачык сабактарды жаңы усулдар менен өтүшүп, ага аталган райондун башка мектептериндеги бул предметти окуткан мугалимдер, райондук билим берүү бөлүмүнүн, облустук билим берүү башкармалыгынын жана райондук администрациясынын өкүлдөрү катышкан. Коргонтөбөлүк мугалимдердин суранычы боюнча бизден барган усулчулар кыргыз тили жана адабиятын, анын ичинде Ч. Айтматовдун чыгармаларын мектептерде окутуу боюнча кызыктуу семинар-тренингдерди өтүп беришип, тиешелүү маалыматтар менен бөлүшкөн.

«Семинар-тренинг менен кошо Коргон-Төбө районундагы алдыңкы мектептер менен таанышып чыгып, алардын айрым мектептерин биздин Ош шаарынын айрым мектептери менен байланыштыруу, эки тарап биргеликте олимпиадаларды өткөрүү сунушун бердик. Буйруса, алардын алдыңкы мугалимдери менен усулчуларын Ош шаарына да чакырдык» — Т. Досмуратов.

Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын билим берүү жаатындагы кызматташуусу эки өлкөнүн мамилеси кайра калыбына келген 2017-жылдан бери жандана баштаган.

Бөлүшүү

Комментарийлер