ОШТУДАН БАЛДАРГА ЖАРДАМ

  • 06.12.2017
  • 0

3-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата Ош технологиялык университетинде бир жумалык акция жүрүп, окуу жай жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери тарабынан кырк миң сомго жакын акча чогултулду.

Чогулган каражаттын жарымы  4-декабрда окуу жайга келген Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын мектеп интернатынын окуучуларына тапшырылып,  окуучуларга жана аларды коштоп келген мугалимдерге сый тамак уюштурулду. Интернаттын тарбиялануучулары студенттерге концерттик программа тартуулашты.

Окуу жайдын басма сөз катчысынын айтымында, калган акча шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарга таркатылып берилет. Мындан сырткары ректордун буйругу менен “Мезгил” балдар үйүнө 5000 сом жана Ош шаарынын 2 тургунуна 2000 сомдон  акчалай жардам көрсөтүлдү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер