ОШТУдагы ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ

  • 24.04.2023
  • 0

ОшТУда «Илим. Технологиялар. Инновациялар»  аталышында студенттердин эл аралык илимий конференциясы болуп өттү. Ал Президент С.Жапаровдун демилгесинин негизинде «Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттери» концепциясы кабыл алынгандыгынын алкагында белгиленди.ОШТУдагы ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ

Илимий конференциянын пленардык жыйынында “Алайку Органикс” ЖЧКсынын өкүлү, И. Раззаков атындагы КМТУнун докторанты А.Маметжанов азыркы күндөгү илим менен өндүрүштүн тыгыз байланышын, тамак-аш өндүрүшүндө инновациялык технологиялардын колдонулушу тууралуу маалымат берди.  Ал эми Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинен келген атайын делегация эл аралык туруктуулукту сактоо жана жаштардын укуктары, коомдогу орду боюнча илимий баяндама жасады.

Климаттык өзгөрүүлөр, экологиялык маселелер жана аларды чечүү жолдорунун багыттары талкууланган конференцияга ОшТУнун базасындагы 43 секциядан 500гө илимий баяндама сунушталды. Ошондой эле, Фергана политехникалык институтунан, Наманган инженердик-технологиялык институтунан, ОшМУдан, ОшМПУдан, Б.Осмонов атындагы ЖАМУдан магистранттар, студенттер доклад окуду.

Бөлүшүү

Комментарийлер