ОШТУДА УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ЖУМАЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 16.12.2022
  • 0

5-декабрдан 12-декабрга чейин Гуманитардык-технологиялык колледжинин мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасынын жамааты тарабынан Ч.Айтматов менен А.Осмоновдун урматына  арналган  “Чыгаандардын чыйыр жолунда” аталышындагы эскерүү  жумалыгы  белгиленди.

ОШТУДА УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ЖУМАЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Эскерүү жумалыктын негизги максаты- улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен лирик акын Алыкул Осмоновдун басып өткөн жолундагы кыйынчылыктарга карабай кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытып, чыгармалары, ырлары менен элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө каларын даңазалоо менен кийинки муунга жеткирүү болуп саналат.

Студенттер арасында “Сүрөттөр сүйлөйт” аталышындагы кол калеминен тартылган сүрөттөрдүн сынагы, “Айтматов бар аалам толук көрүнчү”, “Алыкулдун ырларында жан бар” темаларынын бирөөсүн тандоо менен дил баян жазуу сынагы уюштурулуп,  активдүү катышкан студенттер диплом, баалуу белектер жана  акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Улуу жазуучу жаратып кеткен чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр аткарылып, лирик акындын  ырларынан көркөм окулду. Студенттер тарабынан даярдалган видео-роликтер көрсөтүлдү. Чыгаандардын өмүр баянына, чыгармаларына  байланыштуу түзүлгөн  суроолорго жооп берүү жана ырларды улантып айтуу шарттары аткарылып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер