ОШТУДА ТРАНСПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 01.11.2022
  • 0

ОШТУДА ТРАНСПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Ош технологиялык университетинде автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.

Иш-чарага Ош облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү, университеттин жетекчилиги, автоунаа жана тейлөө технологиясы факультетинин жалпы жамааты жана бул багытта билим алып жаткан студенттер катышты.

ОШТУДА ТРАНСПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшТУну бүтүрүп, өз кесиби менен ийгиликтүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр студенттерге бүгүнкү күндөгү өлкөнүн социалдык-экономикалык абалында бул багытты тандаган адистердин негизги ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Студенттер өздөрү кызыккан суроолорго жооп алып, келечекте өз кесибинин мыкты ээси болууга максат коюп жаткандыгын белгилешти. ОшТУну бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү күндөгү ийгиликтери үчүн университеттин жамаатынын атынан куттукташты. Ошондой эле аларга окуу жай менен тыгыз байланышып, кадр даярдоодо көмөк көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык айтылды. Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.

ОШТУДА ТРАНСПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Университет 1963-жылдан бери автотранспорт багытындагы кадрларды даярдап келет. Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөр жол коопсуздугун камсыздоо, жүк ташууну уюштуруу, бажы кызматтары, алынган унааларды каттоо боюнча бардык кызмат көрсөтүүлөрдө ийгиликтүү эмгектенишүүдө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер