ОШТУДА СТУДЕНТТЕР АРАЛАШ ФОРМАДА ОКУЙ БАШТАДЫ
- 03.02.2021
- 0
Ош технологиялык университетинде кышкы каникул аяктап, жазгы семестр окуу графигине жараша гибриддик (аралаш) формада башталды.
Студенттер окуу жайга жумасына 2-3 жолу гана келип, практикалык жана лабораториялык сабактарга катышат. Ал эми лекциялык сабактар онлайн режимде өтөт. Сабактардын жүгүртмөсү ийкемдүү график менен түзүлдү. Окуу-процессинин уюштурулушу, сабактардын жадыбалдары менен иштөө жана санитардык-гигиеналык талаптарды, эпидемияга каршы режимди эске алуу ж.б. боюнча студенттер үчүн тарбиялык сааттар, адаптациялык семинарлар уюштурулат. COVID-19 жайылышын алдын алуу жана эпидемиялык режимди сактоо боюнча студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн маалыматтык материалдар иштелип чыкты.
Комментарийлер