ОШТУДА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ

  • 27.04.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинде технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин биринчилигине арналган студенттердин ортосунда спорттун тогуз коргоол, шахмат түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Аталган иш-чара студенттердин ден соолугун чыңдоо, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, логикалык ой жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, спортко болгон кызыгуусун өркүндөтүү максатында уюштурулуп, факультеттин балдар жана кыздар курама командасы катышты.

 Шахмат боюнча алдыңкы орундарга ээ болгондор: 

1-орун Топчубаев Максатали Абдулвохобович ЗЧС-18 тайпасы
2- орун Садыбакасова Гулумкан Аскаралиевна ТШИ-18 тайпасы
3-орун Шамшиев Сыймык ЗЧС-19 тайпасы

Тогуз коргол боюнча алдыңкы орундарга ээ болгондор: 

1-орун  Закиров Майсал Курсаналиевич ГСПМ-18 тайпасы
2-орун Жаркынов Рамазан Абдиламатович ГСПМ-19 тайпасы
3-орун Мамазакиров Кабылбек Камчыбекович ГСПМ-19 тайпасы

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчуларга баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер