ОШТУДА СЕМИНАР-ТРЕНИНГ ӨТТҮ

  • 12.04.2023
  • 0

ОшТУда Россия Федерациясынын экономика жана маданият институту, “Клеверстарт” билим берүү борбору “XXI кылымдын негизги компетенциялары: техникалык билим берүүдөгү психология жана педагогика” деп аталган семинар-тренинг өткөрдү.

Эки күнгө созулган иш-чарада ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы, Ош жана Баткен облустарынын орто кесиптик билим берүү мекемелеринин мугалимдери “Клеверстарт” билим берүү борборунун тренери Майрамкуль Окенаеванын лекциясын угуп, билимдерин жогорулатышты. Катышуучулар жогорку жана орто кесиптик техникалык билим берүүдөгү психология, педагогика, жогорку окуу жайларда илим изилдөө иштерин уюштуруу жана электрондук тармактагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу темаларынын негизинде кеңири маалымат алышты.

Курстун жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер