ОШТУДА САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ БОЮНЧА   ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 11.05.2020
  • 0

Ош технологиялык университети Эл аралык инновациялык технологиялар университети менен биргеликте “Билим берүү процессинде WEB багытталган ресурстарды колдонуу” аттуу эл аралык онлайн семинар өткөрдү.

ОШТУДА САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ БОЮНЧА   ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ

Иш-чара веб-ресурстардын мүмкүнчүлүктөрүн, окутуучулар жана студенттер тарабынан колдонулуучу багыттарын кароо, анын билим берүү процессинин натыйжалуулугуна таасир эткен факторлорду карап чыгуу максатында уюштурулду. Анда Россиянын Казань кооперативдик институтунун (филиалы) илимий иштери боюнча проректору, бухгалтердик эсеп жана финансы кафедрасынын доценти Астраханцева Елена “Окутуунун аралаш технологияларын колдонуу менен санарип кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрү”,  “Интер-спутник” маданий окуу борборунун “Энциклопедия-Максимум” басмаканасынын директору, профессор Максим Бахтин “Билим берүү мейкиндигиндеги санариптик технологиялар” аттуу темада  баяндама жасады.

Бөлүшүү

Комментарийлер