ОШТУДА РОССИЯНЫН ЖОЖДОРУНУН  КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 07.12.2021
  • 0

Ош технологиялык университетине Россиянын он эки жогорку окуу жайынын көргөзмөсү өтүп жатат.

Бул иш-чаранын негизги максаты эки элдин ортосундагы ар тараптуу байланышты чыңдоо жана достукту, ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Ош технологиялык университети бир топ жылдан бери алыскы жана жакынкы чет мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташып келет. Алардын ичинен Россия менен академиялык мобилдүүлүк боюнча көп долбоорлор ишке ашырылууда. ОшТУда билим алып жаткан студенттер Россиянын жогорку окуу жайларында мобилдүүлүк программасы боюнча өз билимдерин өркүндөтүп келишет жана профессордук-окутуучулук курам дагы өз кезегинде эки өлкөнүн окуу жайларында тажрыйба алмашуу максатында атайын окуулардан өтүшөт, ар кандай семинарларга катышат.

Ал эми бул иш-чара Россиянын жогорку окуу жайлары тууралуу студенттерден сырткары, орто мектептин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына дагы кеңири маалыматтарды берүү максатында уюштурулду. Ага Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, орто мектептердин директорлору, ата-энелер жана студенттер, окуучулар катышты. Көргөзмө “Демилге kg” коомдук фондунун демилгеси жана Ош технологиялык университетинин уюштуруусу менен ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер