ОШТУДА «МЫКТЫ САНАРИП САБАК» СЫНАГЫ
- 02.04.2020
- 0
ОшТУ “Билим берүүдөгү санарип технологиялары” аттуу иш-чаралардын алкагында аралыктан окутуу боюнча “Мыкты санарип сабак” аттуу онлайн жана видео сабактардын тандоо сынагын жарыялады.
Сынак бүгүн старт алды. 30-апрелде аяктайт. Ага университеттин бардык окутуучулары өздөрүнүн видео сабактары менен катыша алышат. Мыктылары атайын жобонун негизинде аныкталат. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу сыйлыктар каралган.
Бөлүшүү
Комментарийлер