ОШТУДА “КЫРГЫЗСТАНГА САЯКАТ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТТҮ

  • 29.04.2023
  • 0

ОшТУнун эл аралык байланыштар бөлүмү «Кыргызстанга саякат» деп аталган интеллектуалдык оюнун өткөрдү. Иш-чаранын максаты — жогорку окуу жайлар ортосундагы байланышты чыңдоо, студенттер арасында достукту, ынтымакты бекемдөө жана жаштарга кыргыз өлкөсү тууралуу кеңири маалымат берүү.ОШТУДА “КЫРГЫЗСТАНГА САЯКАТ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТТҮ

Сынакка Ош мамлекеттик университетинин медицина факультети, Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ош шаарынын командасы жана Кыргыз-Өзбек университетинин командалары катышты. Оюндун жүрүшүндө командалар Кыргызстандагы жайгашкан шаарлар, өлкөбүздүн аймагындагы белгилүү жерлер, географиялык абалы тууралуу суроолорго жооп беришти.

ОШТУДА “КЫРГЫЗСТАНГА САЯКАТ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТТҮ

Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунга К-ӨУ командасы, 2-орунга ЖАМУ командасы, 3-орунга ОшМУнун медицина факультетинин командасы ээ болду. ОшТУнун жетекчилиги тарабынан жеңүүчү командаларга дипломдор жана Ардак грамоталар, баалуу белектер тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер