ОШТУДА КЕСИПКЕ БАГЫТТОО БОЮНЧА ОНЛАЙН ТАЛКУУ  БОЛДУ

  • 30.04.2020
  • 0

Бүгүн Ош технологиялык университетинде кесипке багыттоо боюнча мектеп жетекчилери жана эдвайзерлери менен онлайн талкуу өттү.

ОШТУДА КЕСИПКЕ БАГЫТТОО БОЮНЧА ОНЛАЙН ТАЛКУУ  БОЛДУ

Ага Ош шаарындагы жана Ош, Жалал-Абад  облустарындагы  мектептердин  директорлору,  ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы баш болгон бардык факультеттердин декандары, кафедра башчылары жана окутуучулары, бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын мурунку бүтүрүүчүсү, азыркы РСК Банкынын Оштогу филиалынын директору Ч.Тойчиев катышты.

Талкууда  окуу жайдын экономика жана башкаруу факультети даярдаган багыттар, профилдер, материалдык-техникалык базасы, профессордук-окутуучулук курамы, окуу жана башка иштери боюнча  видеоролик,  слайд түрүндө кеңири маалымат берилди. Бул жылы абитуриенттерди кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр, мектеп окуучуларынын жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн даярдыктары, кесип тандоо ж.б. маселелер кызуу талкууланып,  суроо-жооптор менен коштолду. Жыйынтыгында, кафедранын окутуучулары өздөрүнө бөлүнгөн мектептерде бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен  дагы өзүнчө онлайн кесипке багыттоо иштерин жүргүзүү жана мектеп директорлору берген сунуштарды эске алуу боюнча чечим кабыл алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер