ОШТУДА ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 20.09.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинде жумуш берүүчүлөрдүн окутуу муктаждыктарын аныктоо үчүн технологиялар жана инструменттер боюнча семинар болуп өттү.

Иш-чара архитектура жана курулуш факультети тарабынан уюштурулуп, факультеттин жетекчилиги,  Жалал-Абад мамлекеттик университети, 16-кесиптик лицей, Ошсууканал, Кыргыз Республикасынын суу чарба департаментинин өкүлдөрү жана окутуучулар катышты. Талкууда катышуучулар тарабынан ар түрдүү ой-пикирлер айтылып, ачык талкуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Ошсууканал ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер