ОШТУДА ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ
- 08.06.2026
- 0
Ош технологиялык университетинде 5-июнь — Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата «Заманбап экологиялык чакырыктар: инновациялык туруктуу өнүгүү жана жашыл демилгелер» аттуу илимий-техникалык тегерек стол гибриддик форматта өткөрүлдү.
Иш-чара ОшТУнун Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо билим берүү программасы тарабынан уюштурулуп, ага жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин адистери, илимий кызматкерлер, экология тармагындагы эксперттер, ишкана-уюмдардын өкүлдөрү, докторанттар, магистранттар жана студенттер катышышты.
Тегерек столдун ачылышында ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Асанбек Акматалиев, Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун директору, б.и.к., доцент Зулумкан Тешебаева жана Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо билим берүү программасынын башчысы, а.-ч.и.д., профессор Бакытбек Шамшиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жашыл өнүгүү багытындагы илимий кызматташтыктын маанисине токтолушту.
Иш-чарага К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин,
А.Ж. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык түзүмдөрүнүн адистери, Орхус маалыматтык борборунун, Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун, Ош токой чарбасынын жана башка мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Тегерек столдун алкагында климаттын өзгөрүшү шартында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу, Ысык-Көлдүн экологиялык абалы, тоо экосистемаларын коргоо жана жашылдандыруу маселелери, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдөгү инновациялык ыкмалар жана студенттик долбоорлордун ролу тууралуу баяндамалар жасалды.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн заманбап жолдору, туруктуу өнүгүү принциптерин жайылтуу, жашыл экономикага өтүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча биргелешкен демилгелер тууралуу пикир алышып, тажрыйба алмашышты.
Тегерек столдун жыйынтыгында илим, билим берүү жана өндүрүш тармактарынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү, экологиялык билим берүүнү өнүктүрүү жана жашыл демилгелерди колдоо боюнча сунуштар кабыл алынды. Иш-чара катышуучулар үчүн өз ара тажрыйба алмашууга жана жаңы кызматташтык байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.
ОшТУнун басма сөз кызматы.






Комментарийлер