ОШТУДА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
- 22.04.2021
- 0
22-апрелде Ош технологиялык университетинде «Илим. Технологиялар. Инновациялар» аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин IV аймактык илимий-практикалык конференцияcы гибриддик (аралаш) формада өткөрүлдү.
Аталган иш-чара жаш илимпоздордун жана студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу, илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктарын жарыкка чыгаруу максатында уюштурулуп, конференцияны окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу, профессор Мурзабек Сагыналиев ачып берди. Сөз алган коноктор катышуучуларга ийгиликтерди каалап, жаңы илимий ачылыштарды, технологияларды, инновацияларды жайылтууга чакырды. Конференциянын пленардык отурумуна Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Өзбек университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун жаш илимпоздору, студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышты.
Жыйынтыгында эң мыкты баяндамалардын авторлору ОшТУнун I, II, III даражадагы дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.
Комментарийлер