ОшТУда “GREEN FUTURE – OSH – 2026” форуму өттү

  • 20.10.2026

Ош технологиялык университетинде экологиялык аң-сезимди жогорулатууга, жашыл демилгелерди колдоого жана туруктуу келечек үчүн биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга багытталган “GREEN FUTURE – OSH – 2026” эл аралык илимий-практикалык форуму болуп өттү.

Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты, Ош шаардык кеңешинин төрагасы, Жаштар парламентинин төрагасы, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, окумуштуулар, экологдор, жогорку окуу жайлардын кызматкерлери жана жаштары катышты.

Форумду ачкан ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору Эрнисбек Алайчиев, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө илимий изилдөөлөрдүн, мамлекеттик органдардын жана жаштардын биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан соң КР ЖК депутаты Данияр Толонов “Жашыл өнүгүү — жаркын келечек” темасында сүйлөгөн сөзүндө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселелерине токтолду. Иш-чаранын алкагында алдыңкы кызматкерлерге ЖКнын Ыраазычылык каттары жана Ардак грамоталары тапшырылды.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов шаардагы жашыл аймактарды сактоо жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү боюнча пикирлерин билдирип, жаштарды экологиялык демилгелерге активдүү катышууга чакырды. Ошондой эле сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Жаштар парламентинин төрагасы Адыл Ниязбеков жаштардын экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдөгү ордуна токтолуп, алардын демилгелерин колдоонун маанисин белгиледи. Форумга келген башка коноктор да сөз сүйлөп, өз ойлорун жана сунуштарын ортого салышты.

“GREEN FUTURE – OSH – 2026” эл аралык илимий-практикалык форуму экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө, илимий тажрыйба алмашууга жана туруктуу келечек үчүн кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган форумдун жыйынтыгында сунуштар талкууланды.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү