ОШТУДА ФИНАНСЫЛЫК ЛОГИСТИКА БОЮНЧА КОНОК ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

  • 29.10.2026

Ош технологиялык университетинин менеджмент, логистика жана туризм кафедрасы тарабынан студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында “Финансылык логистика жана адистердин кесиптик компетенциялары” темасында конок лекция уюштурулду.

Иш-чарага чакырылган “А-Банк” филиалынын башкы адистери Ж.Сулайманов жана А.Иналова студенттерге банк тутумундагы акча агымдарын оптималдаштыруу, финансылык логистиканын заманбап инструменттери жана банк адистерине коюлган кесиптик талаптар тууралуу маалымат беришти.

Лекция интерактивдүү форматта, мээге чабуул ыкмасын колдонуу менен өткөрүлүп, банк ишиндеги реалдуу мисалдар, санариптик технологиялардын финансылык логистикага тийгизген таасири, ошондой эле адистер үчүн зарыл болгон кесиптик жана жеке көндүмдөр талкууланды. Баяндамачылар студенттердин суроолоруна жооп берип, практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Конок лекцияга “Логистика-23”, “Логистика-24”, “Логистика-25” жана “Логистика-26” тайпаларынын студенттери катышты.

Жолугушуунун соңунда студенттердин кесиптик даярдыгын чыңдоо жана теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу максатында өндүрүштүк өнөктөштөр жана банк секторунун адистери менен мындай жолугушууларды мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча макулдашылды.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү