ОШТУДА ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 06.04.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата балдардын республикалык “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясынын 60 жылдыгына арналган “Биз — XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу эл аралык жаштар сынагынын областык туру Ош технологиялык университетинде болуп өттү.

ОШТУДА ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Сынакка 200дөн ашуун изилдөө жана ойлоп табуу долбоорлору, экспонаттар, моделдер сунушталып, жети номинация коргоого коюлду. Аларды коргоо төмөнкүдөй жети номинацияда өттү:

  1. «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер» номинациясы
  2. «Приборлор,радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар» номинациясы
  3. «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар» номинациясы
  4. «Маалыматтык технологиялар жана программалоо» номинациясы
  5. «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар» номинациясы
  6. «Дубалга илинүүчү моделдер»номинациясы
  7. «Астрономиялык турнир» номинациясы

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор, ардак грамоталар, баалуу белектер жана сертификаттар менен сыйланышты. Сынактын жеңүүчүлөрү Ысык-Көлдө өтүүчү республикалык сынакка катышышат.

ОШТУДА ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жаштардын эл аралык “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” сынагы – бул чыгармачыл долбоорлору жана ойлоп табуу идеялары үчүн турмушка уникалдуу жолдомо гана эмес, жаш конструкторлор жана ойлоп табуучулар үчүн Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө өздөрүнүн жекече идеялык салымдарын кошуунун мыкты мүмкүнчүлүктөрүн да жаратат.

Бөлүшүү

Комментарийлер