ОШТУДА ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИР БОЛУП ӨТТҮ

  • 15.03.2021

Ош технологиялык университетинде Түштүк аймактык стол теннис  федерациясы менен биргеликте стол тенниси боюнча эл аралык клубдардын биринчилигинин биринчи туру болуп өттү.

Иш-чаранын уюштуруучусу, улук машыктыруучусу Акыл Козуевичтин айтымында, мелдешке тогуз команда катышты. Кыргызстандын (Бишкек, Ош, Жалал- Абад, Баткен) жана Өзбекстандын (Андижа́н) шаарларынан келген күчтүү спортчулар күч сынашышты. Бул турнирге Ош технологиялык университетинин курама командалары катышып, алдыңкы орундарды ээлешти. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Андижан командасы, экинчи орунду Бишкек командасы, ал эми үчүнчү орунду Ош командасы камсыз кылышты.

Экинчи тур май айына пландаштырылган. Клубдук чемпионатта жеңүүчү команда төрт раунддун жыйынтыгы боюнча аныкталат, ал эми ар бир айлампанын жеңүүчүсү баардык жолугушууларда топтогон упайлардын саны боюнча аныкталат.

 

Бөлүшүү