ОШТУДА ЧАКАН ГЭС КУРУЛДУ
- 20.10.2023
- 0
Ош шаарындагы «Кыргыз Унаа Курулуш» заводу менен биргеликте ОшТУда чакан гидроэлектрстанциясы ишке киргизилди. Бул долбоордун ишке ашырылышы менен университетти толук түрдө электрэнергиясы менен камсыз кылуу каралган.
Ош технологиялык университети энергетика багытындагы адистерди даярдагандыктан мындагы билим алып жатышкан студенттер теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо максатындагы иш-чараларды бул чакан ГЭСте өткөрө алышат. Бул чакан ГЭСтин курулушунда башталган күндөн тартып аяктаганга чейин энергетика факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери калкты электр энергиясы менен камсыз кылуудагы бардык процесстер менен пратика жүзүндө таанышып чыгышты.
Чакан ГЭСтин курулушу ОшТУнун 60 жылдык мааракесине арналды.
Бөлүшүү
Комментарийлер