ОшТУда БИЗНЕС ИДЕЯЛАР ЖАНА СТАРТАПТАР БОЮНЧА  СЕМИНАРЛАР ӨТҮҮДӨ

  • 10.02.2023
  • 0

ОшТУда БИЗНЕС ИДЕЯЛАР ЖАНА СТАРТАПТАР БОЮНЧА  СЕМИНАРЛАР ӨТҮҮДӨ

ОшТУнун архитектура жана курулуш факультетинин студенттерине бизнес идеялар жана стартаптар боюнча  семинар өттү.

Бизнес инкубатордун куратору А.Кутманбекова студенттерге бизнес идеяларды табуунун жолдору, аларды өнүктүрүү менен бирге команда менен бизнес түзүү тууралуу маалыматтарды берди. Эл аралык бөлүмдүн адиси Улукбек кызы Марина бизнес стартаптарды баштоо, инвестиция тартуу, ички жана эл аралык бизнес форумдарга катышуу тууралуу презентация жасап, студенттерди окуудан сырткары да өзүн-өзү өнүктүрүү тууралуу маалыматтары менен бөлүштү. Семинар суроо-жооптор менен коштолду.

Университетте түзүлгөн бизнес-инкубатордо студенттер өздөрүнүн алгачкы стартаптары менен коомчулукка чыгып, жасаган иштери менен ар кандай иш-чараларга катышууну башташкан. Мында окуу менен бирге эле коомдогу орун алып жаткан ар кандай социалдык кубулуштарга өздөрүнүн идеялары менен аралашып, жыйынтыгында, белгилүү бир багыттагы долбоордун ээси боло алышат. Ошондой эле, ар кандай бизнес идеялары менен акча каражатын табуу мүмкүнчүлүгү да бар.

Окуу жайдын маалымат катчысы бул иш-чара башка факультеттерде да улана турганын маалымдады.

Ч.К., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер