ОШТУДА БИЛЬЯРД ОЮНУ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

  • 21.12.2022
  • 0

ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы менен кызматкерлеринин ортосунда бильярд оюну боюнча мелдеш Ош шаарындагы “ВИНТ” бильярд клубунда болуп өттү.

ОШТУДА БИЛЬЯРД ОЮНУ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

Спорттук иш-чара жыл сайын кесиптик уюму тарабынан жалпы жамааттын маданий эс алуусун камсыз кылып, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө максатында уюштурулду.  Бул жылы дагы мелдешке бильярд оюнуна кызыккан агайлар катышып, дене-тарбия кафедрасынын башчысы С. Исманов калыстык кылды. Жыйынтыгында, Өзгөн эл аралык технология жана билим берүү институтунун дене-тарбия окутуучусу Ураимов Молдояр биринчи орунду ээлесе, экинчи орунду ушул эле институттун дене-тарбия окутуучусу Турдали уулу Кубанычбек багындырды. Ал эми гуманитардык-технологиялык колледжинин автоунаа кафедрасынын башчысы Абдиматов Улан үчүнчү жана экономика кафедрасынын башчысы Баатыров Залкар төртүнчү орунду камсыз кылды. Жеңүүчүлөргө университет жетекчилиги жана кесиптик уюму тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер