ОШТУДА БИЛЬЯРД БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

  • 13.12.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинин бириккен профсоюз уюму жана Бильярд клубу тарабынан университеттин окутуучулары жана кызматкерлери арасында бильярд боюнча биринчилик өттү.

Кыркка жакын адам катышкан мелдештин жыйынтыгында 1-орунду академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучусу Турдали уулу Кубаныч, 2-орунду информатика кафедрасынын окутуучусу Джороев Туйгунбек, 3-орунду автоунаа жана тейлөө технологиясы факультетинин деканы профессор Болот Жоробеков ээлеп, уюштуруучулар тарабынан диплом, баалуу белектер менен сыйланышты.

Уюштуруучулар тарабынан мелдештин күйөрмандарына жана катышуучуларына атайын сый тамак уюштурулду. Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, салтка айланып калган мелдеш акыркы 15 жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер