ОШТУДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 07.06.2023
  • 0

Кыргызстандагы Германиянын “Табиятты коргоо” уюмунун демилгеси менен ОшТУнун экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасы 5-июнь — Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүндө “Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулукту камсыздоо” деп аталган тегерек стол өткөрдү.ОШТУДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Иш-чаранын негизги максаты адамзат коомуна коркунуч жаратып жаткан экологиялык маселелердин алдын-алуу, аларды чечүүнүн жолдорун изилдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо менен жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөө болуп эсептелет.

ОШТУДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Тегерек столго КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош-Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, Кыргыз токой кызматынын Ош өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, жогорку окуу жайлардан илимпоздор, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык чарба комбинаты ишканасынын өкүлдөрү, ОшТУнун экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын жалпы жамааты катышты. Мында экология жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган баяндамалар жасалды. Дүйнөлүк экология маселелери тууралуу бир топ маалыматтар берилип, катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер айтылды.  ОШТУДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү 1972-жылдын 5-16-июнунда Стокгольм шаарында (Швеция) болуп өткөн БУУнун эл аралык конференциясында Япония жана Сенегал мамлекетинин өкүлдөрүнүн сунушу боюнча кабыл алынган. Ал бүткүл дүйнө жүзү боюнча 5-июнда белгиленет.

Бөлүшүү

Комментарийлер