ОШТУДА АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ АНГЛИСЧЕ ЖАҢЫРДЫ

  • 15.12.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинде Америка маалымат-ресурстук борбору тарабынан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган иш-чара өткөрүлдү.

Мында студенттер Айтматовдун чыгармаларын жалаң англис тилинде аткарышып, англис тилин үйрөнүүдө теориялык алган билимдерин практикада ишке ашырышууда. Белгилей кетүүчү жагдай, Айтматовдун чыгармалары чет тилдеринин арасынан орус тилинен кийин эң көп которулган англис тили болуп эсептелет.

“Аталган иш-чарага окутуучулар жана студенттер катышып, таланттуу студенттер тарабынан Айтматовдун өмүрү жана чыгармаларына арналган сүрөт көргөзмөсү, Ч.Айтматовго арналган ырларды окушуп, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүштү. Жыйынтыгында катышуучулардын тарткан сүрөттөрү, актёрлук чеберчиликтери бааланып, баалуу белектер берилди”, – деп билдирди бул иш-чаранын уюштуруучусу Америка маалымат-ресурстук борборунун башчысы  Иманалиева Миргүл.

Бөлүшүү

Комментарийлер