ОШТУДА АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ

  • 17.02.2023
  • 0

Жолугушууга Ош техникалык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин математика жана статистика кафедрасынын  жалпы жамааты, статистика адистигинин студенттери, ата-энелер жана иш берүүчүлөр катышты.

ОШТУДА АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ

Кафедра башчысы Зикирова Г.А. бүгүнкү күндөгү кафедра тарабынан даярдалып жаткан адистик, студенттер, окуу жайдагы түзүлгөн шарттар, келечектеги пландар, алардын аткарылышы тууралуу маалымат берди. Ош шаардык статистика башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бурканбекова У.Т. бул адистиктин коомдогу орду, учурдагы статистикалык талдоолор жана өндүрүшкө тийгизген таасири тууралуу кеңири айтып өттү.  Мындан сырткары, ата-энелер менен студенттер тарабынан окуу процессине тиешелүү суроолор берилип, сунуштар талкууланды.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер