ОШТУДА АНГЛИС ТИЛИ АКЫСЫЗ ОКУТУЛАТ

  • 13.09.2023
  • 0

Ош технологиялык университетине Фулбрайт программасынын адиси Кортни Бентзди (Courtney Bentz) атайын иш сапар менен келди.

Англис тили боюнча адис 2023-2024-окуу жылында ОшТУнун лингвистика багытынын жана бардык факультеттердин  студенттерине, профессордук-окутуучулук курамына англис тилин, академиялык жазууну, дүйнөлүк стандартка негизделген илимий макалаларды жазуу ыкмаларын практикалоону пландаштырууда. Co-teaching усулу менен интерактивдүү сабак өтүү, маданий иш-чараларды, окутуучулар жана студенттер үчүн Speaking club дарды уюштуруу талкууланды. Ошондой эле, студенттер жана мугалимдер менен жолугушуп, сабактар боюнча алардын кызыккан багыттары жөнүндө пикир алмашуулар болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер