ОШТУДА АКЖОЛ МАХМУДОВДУН РОБОТУ ЖАСАЛДЫ

  • 17.12.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинде “Робототехника системалары жана программалык инженерия” боюнча лаборатория ачылып, үч жылдан ашык убакыттан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Лабораториянын ачылышы факультеттин жалпы жамааты, андагы программалоо багытында билим алып жаткан студенттер үчүн көптөгөн мүмкүнүчүлүктөрдү түзүп берди.  Лаборатория керектүү электрондук шаймандар менен жабдылып, студенттер 3D басып чыгарууну, робототехниканы, электрониканын жардамы менен аткарылуучу илимий тажрыйбаларды үйрөнүп келишүүдө. Аталган лабораторияда студенттер ушул үч жыл убакыт аралыгында жаңы, заманбап техникалардын жардамы менен программалык инженерия боюнча жакшы ийгиликтерди жаратып келишет. Ош шаарында биринчи болуп өз алдынча кыймыл жасай ала турган роботтун түрүн жасай алышты. Окутуучулар жана студенттер менен биргеликте жасалган робот өз алдынча бир нече кыймылдарды жасай алат. Бул эмгегин окутуучулар жана студенттер кеңешип, жакында олимпиада оюндарда ийглик жаратып, кыргыздын желегин дүйнө жүзүнө тааныткан балбан Акжол Махмудовго арнашты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер