ОШТУДА «АКЫЛ ОРДО» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТТҮ

  • 22.02.2022
  • 0

Ош технологиялык университетинин студенттеринин арасында “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

ОШТУДА «АКЫЛ ОРДО» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТТҮ

Сынак студенттердин жан дүйнөсүн кеңейтүү, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү жана логикалык ой-жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, окуу жайга болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду. Жалпысынан 14 команда катышып, 1-орунду “Комета” командасы, 2-орунду “Жалын” командасы, 3-орунду “VIP” командасы камсыз кылып, жеңүүчүлөргө грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды. Иш-чара “IQ-ОшТУ” командасынын уюштуруусу менен жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер