ОШТУДА АКАДЕМИК Б.МУРЗУБРАИМОВДУН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 16.12.2020
  • 0

16-декабрда Ош технологиялык университетинде КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, органикалык жана минералдык чийки заттарды кайра иштетүү лабораториясынын башчысы, химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдыгына арналган «Санарип доорунда билим берүү жана илим тутумун өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

ОШТУДА АКАДЕМИК Б.МУРЗУБРАИМОВДУН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

Иш-чара Ош технологиялык университетинин ректору проффесор Абдыкадыр Абидовдун куттуктоо сөзү менен башталып, келген коноктор куттуктоолорун айтышты. Илимий конференция 104 макала менен үч секцияда иш алып барып, баяндамалар жасалды. Иш-чара Zoom программасында жана https://www.instagram.com/oshtu/?hl=ru,  www.facebook.com/pressaoshtu.kg  баракчаларында трансляцияланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер