ОШТУ ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШТЫКТА

  • 29.04.2025
  • 0

Ош технологиялык университетине Өзбекстандагы Андижан мамлекеттик техникалык институтунун «Метрология жана жеңил өнөр жайы”, “Химия жана химиялык инженерия”, “Экономика” кафедрасынын окутуучулары жана студенттери келишти.

Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, эки тараптуу эл аралык кызматташуу келишимдеринин алкагында квалификациясын жогорулатуу жана академиялык тажрыйба алмашуу максатында келген меймандарды ректор Ж.Турсунбаев кабыл алды.

Ректордун кабыл алуусунан кийин кошуна өлкөдөн келген окутуучулар өздөрүнүн багыттары боюнча квалификацияны жогорулатуучу курстан өтүүгө киришти. Аларды Ош технологиялык университетинин тажрыйбалуу алдыңкы окумуштуулары окутууда.

Ал эми экономика жана метрология, стандартташтыруу жана сапатты башкаруу багыттынын студенттери тажрыйба алмашуу максатында экономика жана башкаруу институту менен технология жана жаратылышты пайдалануу институтунда окуп жатышат.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер