ОшТУ ЯПОНИЯНЫН ЦУКУБА УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 07.02.2023
  • 0

ОшТУ ЯПОНИЯНЫН ЦУКУБА УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Япониянын Цукуба университетинин жана Кыргыз-япон инсанды өнүктүрүү борборунун өкүлдөрү Ош технологиялык университетинде болуп, окуу жайдын жетекчилиги менен Япониянын жогорку окуу жайлары менен билим берүү жана илим тармагында кеңири кызматташуу жөнүндө сүйлөшүштү.

ОшТУ ЯПОНИЯНЫН ЦУКУБА УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Мында билим берүүдө эл аралык деңгээлдеги иш-аракеттерге басым жасоо, эл аралык илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, эки тараптуу академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү жана башка маселелер талкууланды.

Кыргыз-япон борбору менен ОшТУнун ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык жүргүзүлүп жаткан иштер мындан ары дагы кеңейтилген масштабда улантылмакчы. Бул багытта ректор Ж. Турсунбаев окуу жай менен Япония мамлекетинин жогорку окуу жайларынын ортосунда эл аралык билим берүү менен биргелешип кадр даярдоо маселелери коюлуп жаткандыгын билдирди. Азыркы күндөгү заман талабынын эң жогорку адистиктеринин бири болгон курулуш багытында адистерди даярдоо боюнча эки тараптуу келишимдер түзүлмөкчү.

ОшТУ ЯПОНИЯНЫН ЦУКУБА УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

8-февралда Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлары үчүн “Японияда окуу- 2023” жарманкеси өткөрүлөт.

Кыргыз-Япон инсанды өнүктүрүү борборунун тең директору Иваи Ацуму, Япониянын Цукуба университетинин эл аралык бөлүмүнүн атайын дайындалган профессору Ито Хиронори, Цукуба университетинин эл аралык бөлүмүнүн кызматкери Яхиро Татьяна жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, бул иш-чаранын максаттарын белгилешти. Ярмаркада Япония мамлекетине барып окууну каалагандар үчүн кеңири маалыматтар берилет.

Ч.К. “КБ”    

Бөлүшүү

Комментарийлер