ОШТУ ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШТЕ 1-ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ
- 28.02.2022
- 0
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 40 жаштан жогорку айымдардын ортосунда волейбол боюнча мелдеш өттү.
Ага Бишкек шаарынан КУУ, Баткен шаарынан БатМУ жана Ош шаарынан ОшМУ, КӨАЭУ, ОшТУнун командалары катышты.
Мелдеште 3-орунду ОшМУ, 2-орунду ОшМПУ ээледи. Ал эми баш байгени Ош технологиялык университетинин айымдары багындырды. Жеңүүчүлөргө диплом, акчалай сыйлык жана кубок тапшырылды.
Спорттук оюн Президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө жарлыгына ылайык уюштурулду. Ал эми кезектеги мелдеш Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлө турганы пландалды.
Бөлүшүү
Комментарийлер