ОШТУ ТУРИН УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ЭКИ ДИПЛОМ БЕРҮҮНҮ ИШКЕ АШЫРАТ

  • 09.10.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлорунун I эл аралык форумунун алкагында Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев менен Ташкент шаарындагы Турин университетинин ректору, профессор Жамшид Иноятходжаевдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жай ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишими талкууланып, келечекте аткарылуучу  иштер туурасында макулдашуулар жүрдү.

 

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда архитектура жана дизайн багыты боюнча биргелешкен программаны ишке ашыруу жана анын жыйынтыгыгында кош диплом берүү туурасында меморандумга кол коюшту.

Бөлүшүү

Комментарийлер