ОШТУ СТУДЕНТТЕРИНЕ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАДЫ

  • 02.04.2020
  • 0

Ош технологиялык университети карантин учурунда студенттердин бош убактысын туура пайдалануусуна шарт түзүп берүү максатында сынак жарыялады.

Сынакка катышуу үчүн студенттер окуу жайы жөнүндө ыр жазып, ага оригиналдуу видео тартып, What’sapp аркылуу  0500 193 138 номерине жөнөтүшү керек. Видеолор  @oshtu баракчасына жүктөлөт. Кайсыл видео көп сандагы көрармандарды, лайктарды жана комментарийлерди чогулта алса, ошол жеңүүчү болуп табылат.

Сынактын жыйынтыгы 1-майда чыгарылып, жеңүүчүлөргө ноутбук, планшет, телефон, пауэрбанк сыяктуу баалуу белектер берилет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер