ОШТУ САНКТ-ПЕТЕРБУРГ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
- 28.04.2023
- 0
ОшТУ Санкт-Петербургдагы Улуу Петр политехникалык университети менен кызматташуу келишимине кол койду.
ОшТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Зулпуев жетектеген делегация Санкт-Петербургдагы Улуу Петр политехникалык университетинде өтүп жаткан мааракелик “X эл аралык Политехникалык жумалык-2023” иш-чарасына катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУ менен Санкт-Петербургдагы Улуу Петр политехникалык университетинин ортосунда билим берүү жана илим тармагында кызматташуу, эл аралык долбоорлорду бирге ишке ашыруу боюнча макулдашуулар болуп, жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.
Бөлүшүү
Комментарийлер