ОШТУ НАМАНГАН ИНЖЕНЕРДИК-КУРУЛУШ ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 20.12.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Аттокуров Урмат Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Наманган инженердик-курулуш институту менен кызматташуу келишимине кол койду.

Келишимде биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуучу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер