ОШТУ МЕНЕН ТМТУ КЫЗМАТТАШТЫГЫ УЛАНУУДА

  • 29.09.2025
  • 0

ОшТУ Ташкент маалыматтык технологиялар университети менен кызматташуусун кеңейтүүдө. Бул тууралуу ОшТУнун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Ж.Турсунбаев Өзбекстан Республикасындагы Мухаммед аль-Хорезми атындагы Ташкент маалыматтык технологиялар университетинин (ТМТУ) 70 жылдык мааракесине карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чаранын алкагында «Санариптик трансформация шарттарында инженердик тармактар менен экономикалык секторлордун өнүгүүсү: көйгөйлөрү жана чечүү жолдору» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияда эки тарап көп тармактуу стратегиялык кызматташууга багытталган келишимге кол коюшту. Андан тышкары, киберкоопсуздугу, жасалма интеллект, электр унаалары боюнча биргелешкен эл аралык долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча келишимдер талкууланды.

Ректор эл аралык конференциянын аянтчасында “QS” (Quacquarelli Symonds) агенттигинин глобалдык байланыштар боюнча аймактык директору С.Христолюбов менен жолугуп, аны менен ОшТУнун академиялык аброюн жогорулатуу максатында эл аралык QS World University Rankings рейтингине катышуунун орчундуу маселелери жөнүндө сүйлөштү.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим

Бөлүшүү

Комментарийлер