ОШТУ МЕНЕН КУБАНЬ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ОНЛАЙН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

  • 23.12.2022
  • 0

23-декабрда Ош техникалык университетинин жалпы эмгек жамааты менен Россиянын Кубань мамлекеттик университетинин ортосунда онлайн форматтагы жолугушуу болду.

ОШТУ МЕНЕН КУБАНЬ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ОНЛАЙН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

Жолугушууда эки окуу жай ортосунда 2023-жылы кызматташтыкты кеңейтүү, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын жүргүзүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана бакалавриат, адистик жана магистратура деңгээлдеринде биргелешкен программалар/кош диплом берүү, жайкы мектептерди уюштуруу, аспирантурада окутуу жана квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо боюнча макулдашышты.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер