ОШТУ МЕНЕН АКШ ЭЛЧИЛИГИНИН ОРТОСУНДА ОНЛАЙН ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ

  • 08.02.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде АКШ элчилиги тарабынан англис тил окутуучулары үчүн “АКШ элчилигинин англис тили жана алмашуу программалары” (“ U.S. Embassy English Language and Exchange  Programs”) аталышындагы онлайн семинар өткөрүлдү.

ОШТУ МЕНЕН АКШ ЭЛЧИЛИГИНИН ОРТОСУНДА ОНЛАЙН ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ

Семинарга АКШ элчилигинин өкүлдөрү САО Миранда Лупион, Натали анын кесиптештери жана компьютердик лингвистика кафедрасы, чет тилдер кафедрасы,  мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедраларынын окутуучулары катышты.

Семинарда Academic and Professional Exchange, Fulbright Visiting Scholar program, Hubert Humphrey fellowship program, English Language program сыяктуу алмашуу программалары жана элчиликти англис тилин окутууга керектүү матералдарды кайсыл сайттан алуу боюнча маалыматтар берилди.

Катышуучулар тарабынан элчиликтин өкүлдөрүнө суроолор берилип, жооптор алынды. Маалымат ОшТУнун маалыматтык сайтына жарыяланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер