ОШТУ — ИЛИМ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР ОРДОСУ

  • 28.04.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинде VIII илимий-практикалык конференция өттү. Дүйнөлүк суу күнү жана Муз капталууларды сактоо боюнча эл аралык жылы менен шайкеш уюштурулган бул иш-чара жаш илимпоздордун күчтүү үнүн дүйнөгө угузуу максатын көздөдү.

Жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты баяндамачыларга сертификаттар тапшырылды.

Суу, климат, экология, санарип — мунун баары бүгүнкү илимдин негизги багыттары. ОшТУ бул темаларды заманбап ыкмалар менен терең изилдеп, дүйнөлүк илимий коомчулук менен бирге аракеттенүүдө.

ОшТУ – билимге таянган, глобалдык жоопкерчиликти сезген жана заман талабына шайкеш кадамдаш окуу жай!

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер