ОШТУ ФУТБОЛ ОЮНУН ӨТКӨРДҮ

  • 16.11.2022
  • 0

XV-спартакиаданын алкагында Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулук жана кызматкерлер ортосундагы факультеттер аралык футбол оюну өттү. Оюнга сегиз команда катышып, университеттин дене тарбия кафедрасынын окутуучулары калыстык кылды. Жыйынтыгында башкы байгени административдик-башкаруу кызматкерлеринин командасы алса, экинчи орунга архитектура жана курулуш факультети, ал эми үчүнчү орунга Өзгөн технология жана билим берүү институтунун командасы ээ болду.  Жеңүүчүлөр дипломдор, грамоталар, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер