ОШТУ ЭЛ АРАЛЫК ДОЛБООРГО КАТЫШУУДА

  • 29.04.2023
  • 0

ОшТУнун жеңил өнөр-жай кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы студенттер менен биргеликте эл аралык долбоорго катышууда.

Долбоор “Тең төрт кыбыла” деп аталып, Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен «СТАН» жаштар уюму (Украина/Финляндия),” “Маданият жана менеджмент лабораториясы” (Грузия) жана Ош технологиялык университетинин жеңил өнөр-жай кафедрасы (Кыргызстан) менен биргеликте “Кудук” маданий борбору”” коомдук фондунун “Аймактарда маданиятты өнүктүрүү — маданий лидерлик программасы» боюнча чакан гранттарынын алкагында ишке ашырылып жатат.  ОШТУ ЭЛ АРАЛЫК ДОЛБООРГО КАТЫШУУДА

Программанын негизги максаты — арт-коомчулукту жана жалпы эле маданий секторду активдештирүү, жергиликтүү деңгээлде креативдүү индустрияларды түзүү, жарандардын өз регионунун жана өлкөсүнүн маданий саясатына таасирин күчөтүү аркылуу кризис жана кризистен кийинки мезгилде Кыргызстандын туруктуу экономикалык, социалдык, маданий жана демократиялык өнүгүүсүнө көмөктөшүү.

ОШТУ ЭЛ АРАЛЫК ДОЛБООРГО КАТЫШУУДАОшТУнун студенттери бул долбоорго катышуу үчүн жеңил өнөр-жай тармагындагы багыттар боюнча окутуучулар менен биргеликте мастер-класстарды өткөрүшүп, кол өнөрчүлүк, кийим тигүү, мода, конструкция боюнча практикадан өтүп жатышат.

Эл аралык долбоордун жыйынтыкталышы менен биздин студенттер “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде өткөрүлө турган көргөзмөгө катышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер