ОШТУ: «ДЕНИ САК УЛУТ — ӨНҮГҮП ЖАТКАН ӨЛКӨ»
- 21.10.2019
- 0
17-октябрда «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» ураанынын алдында Ош технологиялык университетинде окутуучулар арасында спорттук мелдеш болуп, окутуучулар спорттун жети түрү боюнча күч сынашты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен окутуучуларды дени сак жана сергек жашоого үндөө максатында уюштурулду. Жеңишке жетишкендер грамота, медаль, кубок жана сыйлуу белектер менен сыйланышты.
Бөлүшүү
Комментарийлер