ОшТУ ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГДЕ “ТОП-10” ИЧИНДЕ

  • 22.01.2024
  • 0

2024-жылдын жыйынтыгы менен Webometrics жарыялаган дүйнөлүк университеттеринин рейтингинде Ош технологиялык университети ТОП – 10го кирди жана  Борбордук Азиядагы эң алдыңкы 5 университеттин бири аталды.

Webometrics бул дүйнө жүзүндөгү университеттердин рейтинг системасы. Бул университеттердин онлайн болушуна, алардын көрүнүүсүнө жана тармакка кирүүсүнө негизделген рейтинг системасы. Ошондой эле, рейтинг тутуму университеттин өзүнүн веб-домени, суб-баракчалары, бай файлдары, университетте эмгектенген окумуштуу окутуучулардын илимий макалалары жана ага болгон шилтемелер,  ж. б. боюнча тармакта канчалык деңгээлде көрсөтүлөрүн өлчөйт.

Бул рейтингди аныктоо иш-чарасы 2004-жылдан бери өткөрүлөт жана ар жылы январь, июль айларында жаңыланып турат. Учурда дүйнө жүзү боюнча 12000ден ашуун университеттердин веб-көрсөткүчтөрүн карап турат.

Рейтингди Мадрид шаарында жайгашкан Испаниянын Улуттук изилдөө кеңешинин изилдөө тобунун киберметрика лабораториясы жарыялайт.

https://www.webometrics.info/en/Asia/Kyrgyzstan%20

Бөлүшүү

Комментарийлер