ОШТУ АГА ХАН ФОНДУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 06.02.2023
  • 0

ОШТУ АГА ХАН ФОНДУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Ош технологиялык университетинде Ага Хан фондунун жергиликтүү кайра иштеп чыгуу боюнча долбоордук менеджери М.Патаев, “Local Impact” долбоорунун иш берүүчүлөр боюнча коалициясынын координатору Н.Бурханова жана жеке ишкердикти колдоо боюнча долбоордун координатору И.Кадыров ректор Ж.Турсунбаевдин кабыл алуусунда болушту. 

ОШТУ АГА ХАН ФОНДУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Жолугушууда студенттерге бизнес тренингдерди өткөрүү, жаш студент-ишкерлерди колдоо, жумуш берүүчүлөр менен бүтүрүүчү курстун жолугушууларын уюштуруу жана бир канча долбоорлор менен биргелешип иштешүү боюнча макулдашылды. Алгачкы кадам катары февраль айында активдүү студенттер үчүн бизнес тренингди баштап, мыкты стартаптарды каржылоого тиешелүү маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер