ОШТОГУ СЫРТ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛУУДА

  • 06.08.2026
  • 0

Ош облусунун Араван районундагы Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүүдө.

ОШТОГУ СЫРТ АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛУУДА

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, республикалык бюджеттен каржыланып жаткан долбоордун жалпы баасы 109 миллион сомду түзөт.

Эки кабаттуу мектепте 6 окуу классы, химия, биология жана физика лабораториялары, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы болот. Имараттын жалпы аянты 1630 чарчы метрди түзөт.

Учурда мектептин чатыры жабылып, сырткы жылуулоо жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Министрлик курулуштун сапаты туруктуу көзөмөлдө экенин белгиледи.

Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин аймактагы окуучулар үчүн заманбап билим алуу шарттары түзүлөт.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер