БИШКЕКТЕ КЫЗЫЛ-СУУДАН КЕЛГЕН ӨНӨРПОЗДОР «МАНАС» МУЗЫКАЛЫК-ХОРЕОГРАФИЯЛЫК СПЕКТАКЛИН ТАРТУУЛАЙТ

  • 20.08.2026
  • 0

Ушул жылдын 21-22-август күндөрү саат 19:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районуна караштуу Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун ыр-бий ансамблинин катышуусунда «Манас» музыкалык-хореографиялык спектакли өтөт. Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө, чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин бай руханий мурасын кеңири жайылтууга багытталган. БИШКЕКТЕ КЫЗЫЛ-СУУДАН КЕЛГЕН ӨНӨРПОЗДОР «МАНАС» МУЗЫКАЛЫК-ХОРЕОГРАФИЯЛЫК СПЕКТАКЛИН ТАРТУУЛАЙТ

21-августта өтө турган салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К.Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри М.К.Мамбеталиев, Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин, ошондой эле маданият тармагынын өкүлдөрү катышат.

Көрүүчүлөргө тартуулана турган бул өзгөчө спектаклде музыка, бий жана сахна өнөрү аркылуу улуу кыргыз эпосунун көркөм дүйнөсү ачылып берилет. «Манас» эпосу кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, дүйнө таанымын, каада-салтын жана адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган руханий маданиятында өзгөчө орунду ээлери талашсыз. Андыктан, Кытайдагы боордош чыгармачыл жамааттын катышуусундагы бул спектакль маданий тамырлардын жалпылыгын айгинелеп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий диалогду мындан ары да өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.

Белгилей кетчү нерсе, гастролдук программанын алкагындагы көрсөтүүлөргө кирүү бардык каалоочулар үчүн акысыз.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер